Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Коом Загрузка... 10 Июль 2025 10:16
23b3e1883349a266abb115f3682e0108_xl.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июльга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 21…26, Талас өрөөнүндө 20…25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жеринде 18…23, Нарын чөлкөмүндө 19…24 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте 23…25, Ош шаарында 24…26 градусту көрсөтөт.