Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 8-июнда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу расмий маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, ал эми бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Аймактар боюнча абанын күндүзгү температурасы төмөнкүдөй:
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында — +31...+36°C;
- Чүй облусунда — +30...+35°C;
- Талас облусунда — +27...+32°C;
- Нарын облусунда — +20...+25°C;
- Ысык-Көл облусунда — +15...+20°C.
Ал эми Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын табы +32...+34°C градуска чейин көтөрүлөт.