Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү: Тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен маек

Маек Загрузка... 07 Ноябрь 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Өткөндү унуткан эл – өз тамырынан ажырайт, ал эми келечекке ишенген эл – өнүгүүгө карай умтулат. Биз тарыхтан сабак алып, ата-бабаларыбыздын мурасын баалап, ошол эле учурда жаңы замандын талабына ылайык, келечекти курууга умтулуудабыз. “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз” деп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов бекеринен айтпаса керек.

Туура 87 жыл мурда 1938-жылдын 5-8-ноябрь күндөрү атылган кыргыздын мыктылары, азыркы “Ата-Бейиттеги” кыш заводунун ураган имаратына коюлган 138 адамдын, жалпы ата-бабаларыбыздын урматына 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгиленген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.

Анын айтымында, бул күн жалпы тарыхтагы эркиндик, эл үчүн күрөшкөн бабаларыбызды эскерүү күн катары кабыл алынган.

“Кыргызстанда көпкө чейин 7-ноябрды Октябрь революциясынын күнү катары майрамдап келдик. Карап көрсөк КМШ өлкөлөрүндө бул майрамды жөн эле бир күнгө алмаштырып коюшту. Ал эмес революция болгон Россиянын өзүндө да 7-ноябрь майрамдалбай калды. Бул майрамды таптакыр жоюп койсок, майрамды дайыма эстеген эл нааразы болот. Ошондуктан майрам жоюлбастан, биздин тарых күнүбүз болуп калды. Биздин тарыхыбыздагы бурулуш жыл болгондуктан 7-ноябрды тарых күнү, ал эми 8-ноябрды ата-бабаларды эскерүү күнү деп атадык. Бул күндөрү үркүн мезгилинде кырылган бабаларыбызды, эң негизгиси 1938-жылы атылып, азыркы “Ата-Бейиттеги” кыш заводунун ураган имаратына коюлган 138 адамды эскеребиз”,- деди Молдокасымов.

Белгилей кетсек, атайын жарлыкка ылайык, 2017-жылдан тартып өлкөбүздө 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет. Постсоветтик өлкөлөрдө акыркылардан болуп Кыргызстанда майрам болуп эсептелген Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрам негизделген. Ошондон бери 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп саналат.

“Негизи майрамдын көп болгону туура деле эмес. Бирок, ошол күндөрдү Тарых күнү жана Ата-бабаларды эскерүү күнү деп эки күнгө белгилегенибиз туура. Анткени, биз өткөн жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн совет доорунда кайра жаралышынын 100 жылдыгын белгиледик. Ошол жаңы мамлекетти түптөп, күрөшүп отуруп Октябрь революциясынан 7 жылдан кийин Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзгөн, өнүктүргөн бардык улуттун элитасы атылып кетип жатпайбы. Алардын сөөктөрү кийин дайын болуп “Ата-Бейиттен” чыгып жатат.

Мамлекетти курган журт башчылары Иманалы Айдарбеков менен Жусуп Абдрахманов экөөнүн гана сөөгү табылды. Ал эми Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков жана Абдыкадыр Орозбеков үчөөнүн сөөгү табыла элек. Ишеналы Арабаев Өзбекстандын Ташкент шаарында түрмөдө жатып каза болсо, анын сөөгү кайсы жерде экенин эч ким билбейт. Абдыкерим Сыдыков 1938-жылы атылып жатат, бирок анын да сөөгү каякта экени белгисиз. Ал эми Абдыкадыр Орозбеков 1938-жылдын апрель айында атылып, анын сөөгү да кайсы жерде экени белгисиз”,- дейт Молдокасымов.

Тарыхчы эл оозундагы маалыматтарга таянып, 1938-жылдын кыш, жаз айларындагы репрессия курмандыктары Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнү жайгашкан жерде суу каналынын жээгинде жашырылган болушу мүмкүн экендигин белгиледи. Анын айтымында бул жерден мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыков жана Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү табылышы мүмкүн.

"Абдыкерим Сыдыков менен Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлганы тууралуу маалымат көптөн бери айтылып келе жатат. Себеби, 1938-жылдын ноябрь айына чейин атылгандардын көбү “Ала-Арча” көрүстөнүнүн этек жагындагы еврейлердин бейитинин жанынан өткөн суу каналынын жээгине түн ичинде коюлган деген маалымат бар. Аны ошол жердеги мүрзөнү караган уйгур аксакалдары, бейитке келген еврей улутундагы адамдар да түн ичинде репрессия болгондордун сөөктөрү ушул жерге коюлган деп айтышчу. Биз археологдор менен бирге өткөн жылы барып көрдүк. Чын эле казылып балким 4-5 адамды, мүмкүн андан көп же аз адамды көмүп, үстүн толтуруп кое бергендир. Анткени, ал жерлер чуңкурча болуп, кадимки бейиттерден айырмаланып турат”,- дейт ал.

Тарыхчы өткөн жылы бийликке ушул жерди казууга уруксат сурап кайрылганын бирок, азырынча бул багытта эч кандай иштер аткарыла электигин билдирди. Маалым болгондой, бул маселени укук коргоо кызматы чечиши керек экен. Эгер бул жер казылып, тарыхчылар тарабынан изилдөө жүргүзүлсө ошол жерден Абдыкерим Сыдыков менен Абдыкадыр Орозбековдун сөөктөрү табылып калышы мүмкүн экенин тарыхчы кошумчалады.

Белгилей кетсек, 1937-1938-жылдары репрессия курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн биринчи жай “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси. Экинчиси 1920-1953-жылдары массалык түрдө курман болгон ата-бабаларыбыздын элесине арналып 2024-жылы курулган Өзгөн районуна караштуу Эски-Покровка айылындагы "Кекилик-Учар бейити" мемориалдык комплекси.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Бул документте жогоруда аты аталган беш мамлекеттик ишмерлерди Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар деп эсептеп, алардын элесин урматтоо ар бир жарандын парзы катары каралышы керектиги жазылган. Анткени, ушул адамдар кыргыз эли, тили, маданияты жана тарыхы менен өз мамлекетин Борбордук Азиянын башка элдери менен катар түзүүгө толук укуктуу экендигин далилдеп, мамлекетти түптөбөгөндө бүгүнкү эгемендүү мамлекетибиздин болушу да күмөн эле.