Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын 6 айында Салык кызматынын кызматкерлерине карата 109 даттануу келип түшкөн.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 1-июлга карата:
- 92 кайрылуу каралып бүткөн;
- 17 кайрылуу каралып жатат.
92 кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча 43 кайрылуу толугу менен, 4ү жарым-жартылай тастыкталган, ал эми 45 кайрылуу тастыкталган эмес.
Мыйзам бузууларды аныктоо максатында 14 кызматтык иликтөө дайындалып, алардын ичинен 12си аяктаган.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 74 салык кызматкери тартиптик жазага тартылган. 32 кызматкерге эскертүү берилген, 26сына сөгүш жарыяланган, 9уна катуу сөгүш берилген, 5 кызматкер кызматынан бошотулган, ал эми 2 кызматкер кызматтык даражасынан төмөндөтүлгөн.
Мындан тышкары, үч даттанууда коррупциялык мүнөздөгү мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар болгон (анын ичинде үчүнчү жактын кызыкчылыгы үчүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу жана мыйзамсыз сыйлык алуу): 2 факты тастыкталган жок, 1 даттануу УКМКга өткөрүлүп берилди.
Аймактык салык органдарына түшкөн даттануулардын негизинде кызматтык тартипти бузганы үчүн 4 кызматкерге эскертүү берилген.
Ошондой эле аймактык салык органдарына түшкөн арыздардын негизинде:
- 16 салык төлөөчүгө салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып пул салынган;
- 15 кызматкерге эскертүү берилген;
- 3 салык төлөөчү менен салык салуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Салык кызматы өз системасында ачык-айкындуулукту, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди мындан ары да улантат.