500 га жер өздөштүрүлөт. Кадамжайда Нургазиев каналы реконструкцияланууда

Аймак 1038 25 Ноябрь 2025 15:20
587011818_1385351092958342_4039262040123135082_n.jpg
587744347_1385351089625009_5819951119468637351_n.jpg
588676508_1385351016291683_7830250575416362381_n.jpg
588766754_1385351012958350_48684028032254201_n.jpg
589780693_1385350989625019_4966683871547912939_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Кадамжайда Нургазиев каналын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Саамалыкка президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Реконструкциянын жүрүшүндө Кадамжай районунун Исхак Полотхан айыл аймагы менен Алга айылын аралап өткөн канал 10 куб аянтка кеңейтилет. Жалпы узундугу 35 чакырым болгон каналдын курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жатат. Долбоордун суммасы 425 млн 569 миң сомду түзөт.

Курулуш иштери аяктаса 5 миң гектар жерге суу берүү жакшырып, 500 гектар жер жаңыдан өздөштүрүлөт.

Реконструкциялоо иштерин 2029-жылы бүткөрүү пландалууда. Курулуш иштерин кытайлык менен ата мекендик компания аткарат.

Белгилей кетсек, канал 1978-жылы пайдаланууга берилип, учурда эскилиги жетип, суу жоготууга учурап, натыйжада суу тартыштыгы пайда болгон.