50 жылда Антарктида жана Гренландиядан 11,3 трлн тонна муз эрип кеткен

Дүйнө 18 сентябрь 2026 15:30
50 жылда Антарктида жана Гренландиядан 11,3 трлн тонна муз эрип кеткен
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Антарктида менен Гренландия 1979–2023-жылдары жалпы 11,3 трлн тоннага жакын муз жоготкон. Натыйжада дүйнөлүк океандын орточо деңгээли болжол менен 3 сантиметрге көтөрүлгөн. Мындай маалымат Scientific Data илимий журналында жарыяланган изилдөөдө келтирилген.

Aзертадж агенттигинин маалыматына ылайык, окумуштуулар акыркы 50 жылдагы спутниктен алынган маалыматтарды бириктирип изилдешкен. Натыйжада муздун азайышынын негизги себеби анын үстүнкү катмарынын эриши эмес, мөңгүлөрдүн океанга агып түшүү ылдамдыгынын жогорулашы экени аныкталган.

Изилдөөгө ылайык, Гренландия менен Антарктидадагы муздун эриши болжол менен 84 пайызы мөңгүлөрдүн океанга агып түшүүсүнүн күчөшүнө байланыштуу болсо, 16 пайызы жер үстүндөгү эрүү процессине туура келет.

Гренландияда жер үстүндөгү эрүү кыйла маанилүү роль ойнойт жана жалпы муздун эрүүсүнүн үчтөн бирине жакынын түзөт. Ал эми Антарктидада муз катмарынын азайышына негизинен океандын мөңгүлөргө тийгизген таасири себеп болууда.

Окумуштуулардын айтымында, эки аймакта тең муз массасынын эриши 2010-жылдары кыйла тездеген. 2020–2023-жылдары Чыгыш Антарктидада кардын көп жаашы жана Гренландияда жайдын салыштырмалуу салкын болушу процесстин убактылуу жайлашына алып келген. Бирок узак мөөнөттүү келечекте муздун океанга агып түшүүсүнүн тездөө тенденциясы сакталып калууда.