Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Беш жылдын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 2 триллион сомго чамалады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
"Өзүңүздөр билгендей, өлкө калкынын 60 пайызы айыл жеринде жашайт. Демек, агрардык секторду өнүктүрүү жарандардын көпчүлүгүнө түздөн-түз кам көрүү дегенди билдирет. Беш жылдын ичинде биз айыл жергесиндеги элибизди колдоону негизги артыкчылык катары карадык. Анткени айылдын өнүгүшү менен үй-бүлө өнүгүп, аймак бекемделип, бүтүндөй өлкө чыңдалат", - деди президент.
Садыр Жапаров агротармактагы иштер конкреттүү жыйынтыктарды бергенин белгиледи.
"Беш жылдын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 2 трлн сомго чамалады. Демек, бул тармакта дагы жаңы жумуш орундары пайда болуп, айылдагы үй-бүлөлөрдүн кирешелери өсүп, аймактар менен кошо бүткүл республиканын экономикалык өз алдынчалыгы чыңдала баштаганынан кабар берет", - деди президент.