340 млн сомдук жолдор, тротуарлар, жарыктандыруу. Гүлчө шаары жаңыланууда

Президент 909 13 Апрель 2026 23:30
671286890_1526853372782625_4037167273846094052_n.jpg
671842841_1526856826115613_3857607203281923392_n.jpg
671773732_1526856652782297_569676415655907627_n.jpg
669582240_1526854729449156_4301742046083438257_n.jpg
669210059_1526856839448945_4955615259857506326_n.jpg
671535054_1526856539448975_4817517760852152644_n.jpg
667844280_1526856612782301_6440779808326658068_n.jpg
671683873_1526853432782619_2618924357128613715_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Гүлчө шаарынын социалдык объектилерин куруу жана шаарды көрктөндүрүү долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчысына шаардын ички жолдорун жана тротуарларын куруу иштери тууралуу маалымат берилди. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев бул иштер үчүн өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 340 млн сом каралганын айтты.

Долбоор шаардын негизги транспорттук артерияларын: Алымбек датка көчөсүнүн 3,7 км жана Курманжан датка көчөсүнүн 0,8 км бөлүктөрүн камтыйт. Жолдор төрт тилкеге чейин кеңейтилет, узундугу 9 км тротуар, ирригациялык арыктар жана заманбап жарыктандыруу системасы жасалат.

Шаарды комплекстүү өнүктүрүүнүн алкагында Садыр Жапаровго социалдык жана эс алуу инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлор: 120 орундуу бала бакчанын имаратын куруу жана паркты капиталдык оңдоо иштери да көрсөтүлдү.

Андан соң мамлекет башчысы №2 Тапык Отунчиев атындагы мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Ал 275 окуучуга ылайыкталган. Курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Объекттерди карап чыккан соң, президент Садыр Жапаров бул долбоорлордун сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы өлкө аймактарындагы жашоо сапатын жогорулатуунун негизги артыкчылыгы экенин баса белгиледи.