29-апрелде Баткенде талаа күнү өтөт

Аймак Жүктөлүүдө... 28 Апрель 2025 11:36
IMG-20250428-WA0013.jpg
IMG-20250428-WA0015.jpg
IMG-20250428-WA0014.jpg
Алдыга
Артка
IMG-20250428-WA0013.jpg
IMG-20250428-WA0015.jpg
IMG-20250428-WA0014.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. 29-апрелде Баткен облусунда талаа күнү өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, анда багбан-дыйкандарга мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сорттору, көчөт отургузуу схемалары, бутоо, коргоо, тамчылатып сугаруу системасын орнотуу боюнча кеп-кеңештер берилет.

Талаа күнү Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти тарабынан уюштурулат.

Иш-чара Кадамжай районунун Марказ айылында жайгашкан Мөмө-жемиш жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн отургузуу материалын өндүрүү жана сатууга адистешкен “Арпа Сай Береке Багы” айыл чарба кооперативинин базасында болот.