Бишкек, 24.12.25./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-декабрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык , бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, айрым аймактарга туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда 2…7, Талас облусунда 1…6, Ысык-Көл облусунда 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 3…8, Нарын облусунда 0…-5 градусту көрсөтөт.
Ал эми Бишкекте 5…7, Ош шаарында 3…5 градус болот.