Борбор калаанын 3 конушунда 22-сентябрда суу болбойт

Коом 18 сентябрь 2026 16:45
1789726990_large.jpeg
1789727610.png
Алдыга
Артка
1789726990_large.jpeg
1789727610.png
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. 22-сентябрда Бишкектин 3 конушунда суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу болбойт.

"Ичүүчү суу "Контррезервуарлар" суу топтомосунда  жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулмакчы",-деп айтылат маалыматта.