22 миң гектарды суу менен камсыздайт. Араван – Ак-Буура каналы жаңыланууда

Аймак 1292 12 Декабрь 2025 17:11
597854465_122196515630341273_2200774321712863422_n.jpg
597741656_122196515750341273_2648577332377843870_n.jpg
597919070_122196515594341273_2248292875922032846_n.jpg
598825834_122196515798341273_5275362648585166365_n.jpg
599893636_122196515744341273_4810609369076409404_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Ош облусунда Араван – Ак-Буура каналы жаңыланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө каналдын ирригациялык системасынын суу жеткирүү инфраструктурасы жаңыланып, анын ичинде суу алуучу курулмалар, магистралдык каналдар жана бөлүштүрүүчү тармактар реконструкцияланууда.

Араван – Ак-Буура каналынын жалпы узундугу — 31,3 чакырымды түзүп, 21 918 гектар жерди сугат суу менен камсыздайт. Анын ичинен 6 220 гектар — жаңы өздөштүрүлүп жаткан сугат жерлер.