2026-жылы ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Россияга өтөт

Саясат Загрузка... 25 Ноябрь 2025 13:45
3545938.c9fb7e707ce0a46ac50a5ff8d12b403f.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. 2026-жылы ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Россияга өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Анын айтымында, 26-27-ноябрда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт.

Жыйынга уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышат.