Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. XXI кылымда бай адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү тобокелчиликтерди азайтуу максатында бир эле өлкө менен чектелбестен, бир нече мамлекетте жашап, инвестиция салууну тандашууда. Бул тууралуу Henley & Partners эл аралык консалтинг компаниясынын баяндамасына таянып, Казинформ билдирет.
Баяндамада өлкөлөр капиталдын мобилдүүлүгү боюнча атаандаштык индексинин негизинде бааланган. Анда салык системасы, мыйзамдын үстөмдүгү, жашоо сапаты, инвесторлор үчүн шарттар, үй-бүлө мүчөлөрүнө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, геосаясий туруктуулук жана капиталды эркин алып чыгуу сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынган.
Рейтингде биринчи орунду Бириккен Араб Эмираттары ээлеп, 100 упайдын 85,3үн алган. Эксперттердин айтымында, бул өлкөдө салыктын жеңил шарттары, коопсуздук, өнүккөн инфраструктура, ыңгайлуу транспорттук байланыш жана узак мөөнөттүү жашоого мүмкүнчүлүк берген программалар инвесторлорду өзүнө тартууда.
Экинчи орунду Сингапур (79,5 упай) ээлеген. Өлкө саясий туруктуулугу, ишенимдүү мамлекеттик институттары жана өнүккөн каржы рыногу менен айырмаланат.
Үчүнчү орунга Жаңы Зеландия (75,8 упай) чыккан. Инвесторлорду бул өлкөдө инвестиция аркылуу жашоого уруксат берүүчү жаңыланган Active Investor Plus Visa программасы, туруктуу саясий кырдаал жана жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар кызыктырууда.
Алдыңкы ондукка ошондой эле Кайман аралдары (74,3), Кипр (73,5), Нидерланддар (72,8), Португалия (72,5), Италия (72,3), Бермуд аралдары (72) жана Уругвай (71,8) кирди.
Баяндамада Италия өзгөчө белгиленген. Ал чет өлкөдөн келген бай резиденттер үчүн чет өлкөдөн түшкөн кирешеге карата 15 жыл бою белгиленген өлчөмдө салык төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. 2026-жылдын январынан тартып бул төлөм жылына 300 миң еврого чейин жогорулатылганына карабастан, Италияга болгон кызыгуу сакталууда.
Ошондой эле рейтингде Латвия (71,7), Панама (71,5), Гонконг (71,2), Швейцария (70,8), Греция (70,5), Коста-Рика (70,2) жана Монако (70) орун алган.
Henley & Partners компаниясынын башкы директору Юрг Штеффендин айтымында, азыркы учурда өлкөнүн тарыхый кадыр-баркы мурдагыдай чечүүчү фактор эмес. Бай адамдар үчүн натыйжалуу мамлекеттик саясат, инвесторлорго түзүлгөн шарттар, туруктуулук жана келечекке болгон ишеним маанилүү болуп калды.
Ошол эле учурда баяндамадагы рейтинг кайсы өлкөдө миллионерлер көп жашарын эмес, алардын жашоо жана инвестиция үчүн кайсы мамлекеттерди эң жагымдуу деп эсептей турганын гана көрсөтөрү белгиленет.