Бишкек, 23.12.25. / Кабар/. 2026-жылга карата консолидацияланган бюджет 843,6 млрд сом өлчөмүндө бекитилди, - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин отурумунда.
Ал кийинки жылдын ичинде көрсөткүчтү дагы 1 трлн сомдон кем эмес чогултууга бүт күч- аракеттерин жумшай турганын белгиледи.
“Салыктык кирешелер 460,8 млрд сом анын ичинде Салык кызматына 318,2 млрд сом, Бажы кызматына 142,6 млрд сом план коюлду. Салыктык эмес кирешелер 129,8 млрд сом, республикалык бюджеттин кирешелери 551,2 млрд сом, чыгышалары 550,8 млрд сом коюлуп жатат. Профицит 400 млн сомго пландалды. Чыгашалардын эң чоң үлүшү социалдык секторго 230,9 млрд сом, бул 2025-жылга салыштырмалуу 42,8 млрд сомго өстү.
Экономиканын реалдуу секторуна чыгымдар 183,2 млрд сомду түзөт. Анда капиталдык салымдарга 27,7 млрд сом, анын ичинде белгилүү болгондой “Барскоон-Бедел” өткөрмө пунктту ачылгандыктан, Барскоон-Бедел унаа жолунун курулушуна 17,7 млрд сом каражат жумшалды. Бул да жыл ичинде көбөйтүлөт”,- деди Касымалиев.
Ошондой эле мамлекетибизде жакынкы 5 жылдыкта ири өзгөрүүлөр болоорун кошумчалады.