2025-жылга улуттук жана жергиликтүү маанидеги мааракелик иш-чаралардын тизмеси жаңыланды

Министрлер кабинети Загрузка... 16 Июнь 2025 18:18
1040863677_0_0_5295.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. 2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги мааракелик иш-чараларынын тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Кабыл алынган документ өлкөнүн тарыхый, маданий, илимий жана коомдук турмушунда өзгөчө орду бар инсандарды, окуяларды жана маанилүү даталарды татыктуу белгилөөгө жана эскерүүгө багытталган.

Бул иш-чараларды өткөрүү жарандардын тарыхый аң-сезимин жана мекенчил сезимин өнүктүрүү, ошондой эле жаш муундарга үлгү болуучу инсандар менен окуяларды даңазалоо максатын көздөйт.