Калк башына кайгы түшүп турганда Ата Мекенди коргоого, келечекке ишеним артууга, элди күжүрмөн духта тарбиялоого искусство зор кызмат өтөрүн терең түшүнгөн Советтик бийлик – Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы оор жылы экенине карабастан, Кыргыз ССРинин элдик комиссарларынын токтому боюнча 1941-жылдын 17-ноябры күнү Фрунзеде өз алдынча студия ачып, кыргыз киносу жаралган.
Искусство – инсандын коомдо өз ордун таап кетишине өбөлгө болчу чоң күч
Мындан эки жүз, үч жүз жыл илгери адамзат фотоаппарат менен кинокамераны ойлоп таба электе, арип таанып агарып-көгөргөн Европа жана башка мамлекеттердин калкы көркөм адабияттан азыктанып, кирпичтей китептерди окуганга убактылары кенен болчу. Кийин мезгилдер өтүп, алгач фотоаппаратты чыгарып көрүнүштөрдү жана адам элесин түбөлүк сактап, тарыхка калтырууну максат кылышты. Анан 1895-жылы радио менен катар кинематография жанры коомго чоң жаңылыкты тартуулады. Фотосүрөт жана кинематография – адамзат ойлоп тапкан ажайып искусствонун бир түрүнө айланды.
Ошентип азыркы тапка дейре жер шарындагы адамдардын аң-сезимине үрөн сээп, коомду тарбиялап келаткан киноискусство – аныгында сыйкырдуу дүйнө.
Экранда жүрүп жаткан көрүнүштөр сезим кылдарын черттирип, кыялды көккө учурган ажайып кооз аалам. Кинематография – мына ошонусу менен ар бирибиздин жан дүйнөбүздү козгоп, өзүбүздө катылуу жаткан сырларды ача билүүнүн, адам психологиясын аңдоонун, коомдогу көрүнүштөргө көз чаптырып эле тим болбой жер шары тууралуу акыл калчаганга түрткү берген сырдуу дүйнө, сыйкырдуу жашоо.
Биз көрүп жаткан кино – сезимди козгоп, дүйнөбүзгө таасир этет. Башкы каарманыбыз кайгырса аны менен кошо кайгырып, ыйласа кошо ыйлап, эгер беттеген максатынан тайбаган өжөр, чыдамкай жана баатыр болуп чыгып кыйынчылыкты жеңсе, анда өзүбүз да аны менен кошо ошол тоскоолдуктарды жеңген өңдүү төбөбүз көккө жетет. Жагымдуу окуялар орун алса жарпыбыз жазылып, кино бүткөн соң үйгө шаңдуу кайтабыз. Анын таасиринен бир нече сааттар бою чыга албай ойго тунуп, жашоодо туура кадам таштоого ниет кылабыз.

* * *
Кино – коомду өзгөртөт...
Ошон үчүн большевиктер качан 1917-жылы Октябрь революциясы орногон чакта ириде кинематография жанрын өнүктүрүүнү колго алып, социалисттик идеологияга жар салдырып, коомду коммунисттик духта тарбиялоону көздөшкөн. Бул үчүн кино тармагына деп миллиондогон эсепсиз акчалар сарпталган. Марксисттик, лениндик саясатты жүргүзүүдө партиялык бийлик алардын том-том эмгектерин жан дүйнөгө терең сиңбесе да жогорку окуу жайларына милдеттүү түрдө программага киргизип, кокус кимдир бири партиялык кызматка бара турган болсо жадыбалдай жаттаттып убара болушкан. Эң ыңгайлуу жол кино экенин жакшы түшүнүшкөн советтик лидерлер кинематографияны пайдаланууну көздөшкөн.

* * *
Дүйнө өзгөрдү. Коом алмашты...
Кино – азыр да, дал ошондой күчкө ээ. Өнүгөм деген өлкө искусствосу үчүн акчаны аянбайт. Анткени, адабият, театр, музыка, сүрөт, киного делген каражат акыры өзүнүн жемишин эки эселеп кайтарат. Адабияттан, кинодон аруулукка сугарылган жаран жаман жорук-жосунга барбайт. Сөздүн күчүнө маани берген кыргызды көркөм дүйнө гана сактайт. Биздин алакандай мамлекетибизди аман сактоонун жолу – бир гана ушунда.
Эгемендикке ээ болгон күндөн бери карай кыргыз маданияты да кыйын кезеңдерди баштан кечирип, анан өнүгүүгө карай бет алды. Бир кезде күжүлдөп иштеген ишканалардын кызматкеркерлери менен кошо искусство өкүлдөрү да айтып болгус азаптарды көрүштү. Кыргыз киносу да дал ошондой күндөрдүн далайына күбө болду.
Чыйралды. Чыдады... Жылына бирин-серин эмгек жаратып олтуруп калбай изденди...
* * *
Кинону кино кылып маңызына чыгарган оболу, жоктон барды жараткан калемгер сценаристтин касиеттүү күчүндө. Аны тасмага тартам деп максат кылган режиссёр-коючунун – Кудай берген кудуретинде.
Көрүнүштөрдү таасын илип, ар бир актёрдун көз карашынан тарта жүзүндөгү кыймылды камерага кылдат кармаган, табият койнун таасын ачкан оператор-коюучунун талантында. Окуя кай жерде орун алса, анын айланасына ирети менен эстетикасына жараша буюм-тайымдан тарта үй ичин же жаратылышты жеткире көрсөтүүгө түрткү берген сүрөтчү-коюучунун эмгегинде. Ал эми кадрда баяндалган көрүнүшкө жараша же айталы, актёрдун кыймылы менен кошо көңүлдүн назик кылдарын черттирип, олуттуу окуялар орун алып же чоң кагылыштар баяндалса, ар бир секундуна чейин кошо ээрчитип кирген композитордун кажыбаган кайратында.

Мындан тышкары, кинону жаратуучу чыгармачыл топтун, жарык берүүчүнүн, гримёрдун, ыңгайы келип актёрдун опурталдуу трюктарын алмаштырган каскадёрдун, ар бир доорго таандык образдарга ылайык кийген кийимин туура тандап актёрго көрк кошкон костюмердин, тасманын кеңешчисинин, айтор толгон-токой кесип ээлерин кошо аралаштырган искусство. Кино – жамааттык эмгек. Эгер ошол чыгармачыл жамаат биримдикке келип, оркестр сыңары чогуу түмөн түйшүктү аркалап, коюлган милдетти так өтөсө – анда жеңиш баарыныкы.
* * *
Кино – колуна калем кармап түн күзөткөн, эркиндикти сүйүп, табият койнун аралаган же жылуу үйдө олтуруп машакатка баткан, чыгарма жаратам деп болуп көрбөгөндөй түйшүктү тарткан жазуучунукундай процессти камтыбайт. Кино – бири-биринин оюн бири-бири толуктаган, айттырбай түшүнүп режиссёрго көмөк көрсөткөн жардамчыларынын аркасында жарыкка келет. Ошол үчүн окуя кандай баяндалса дал ошондой кылып тасмага кармап берүүнү талап кылган, каарман чыкыроон аязда калса аны менен кошо үшүп, жайкы аптапта ага кайыл болуп атып бир далай убаракерчиликтен дүйнө курап атып, анан аны дасыккан чебер топтоочунун (монтажёр) колу аркылуу ирээтке келтирип, кулакка ар бир добушту жеткирем деген үн режиссёрдун мээнети менен аягына чыгып, калк алдына тартуулана турган машакаттуу иш.

* * *
Чыгармачыл топ – ийгилик жарата алса, акыбети кайтат. Режиссёр абройго ээ болуп, негизги каарманын алып чыккан актёр атак-даңкка жетет. Кокус, жаза тайып сценарий чала кайым иштелип, анан кинону оюнчук көргөн деңгээли пас, акыл чөйчөгү ченелүү, ириде атакты сүйгөн, алдында турган чыгармачыл топ менен иштеше албай өзүм билемдикке сала берген, баалуу кеп-кеңешиңердин мага кыпынчалык кереги жок деген, фильмдин редактору жана көркөм кеңешинин чырылдап чындыкты айтканын чымын чакканчалык көрбөгөн режиссёр чалыш неме болсо, анда эле ар бир күн үчүн төлөнгөн эсепсиз акчалар суудай агып, коом алдында уятка калат. Кино жаратуу – оюнчук эмес, опурталдуу иш.

Режиссёр – коомдогу талылуу маселени таамай кармаган көрөгөч, адамдардын кыял-жоругун таасын аныктаган психолог, кыял чабыты кырды ашып ааламда аңтара ойлонгон философ, табият койнун чексиз сүйгөн чебер сүрөткер, ойду бапестеп, сөздүн түпкү маанисин терең түшүнгөн баамчыл, элин сүйгөн, элинин келечеги тууралуу түйшөлүп, өтмүшүнөн мыкты кабардар болгон окумал болушу кажет. Тилекке каршы, искусствонун бардык түрлөрүндө анда-санда аттары атала калып жүргөн чыгармачыл инсандардын бардыгы эле чыгаан сүрөткер деген сөзгө татыбайт. Андайлар алдыга коюлган максаттан мурда атакты сүйгөн, халтуранын жогорку үлгүсүн көрсөтүп кадыр-барк күткөн, акчанын кулуна айланган саясатчы.
* * *
Угуту бар, уңгусу таза, ар бир көрүнүштү жаздым кетирбей чыгармачыл топту башкара билген, актёр менен тынымсыз иштешип атып андан катылуу жаткан кенчти таап, калкка тартуулаган Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев жана Мелис Убукеев өңдүү орошон таланттар чыкты кыргыздан. Кыргыз киносунун тарыхына үңүлө келгенде жогоруда ысымдары аталган орошон таланттардын эмгектери – күнү бүгүн да эскирбей куну алтынга теңдкешкис асыл баа мураска айланып олтурат.
Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты”, “Отко таазим” жана “Көк серек”, Болот Шамшиевдин “Караш ашуусунда атылган ок”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” менен “Ак кеме”, Мелис Убукеевдин “Тайгак кечүүсү” менен “Ак Мөөр” көркөм тасмалары улуу таберик.

* * *
Кыргыз кино ишмерлеринин бүгүнкү күндө аткара турчу иштери арбын. Бир кезде советтик идеологиянын арааны жүрүп турган кезде да кыргыз үчүн бүткүл турган турпаты менен күйүп, элибиз улуттук духунан ажырабасын, каада-салтыбыз унутта калбасын, элибиз ушундай баатыр мүнөз деп Сүймөнкул Чокморовду, кыздарыбыз ай чырай деп Таттыбүбү Турсунбаеваны экран аркылуу ааламга даңазалашты.
Мен, азыркы тапта жеке каражаттарына кино тартып жүрүшкөн жаштарды айтпай ак коёюн, алар кантсе да өз демилгелери менен кино жаратышууда. Бирок, кино деп эле элди бузукулукка, таш боордукка тарбиялаган эмгектерди жарата берсе, анда улут үчүн бул өтө кооптуу нерсе. Бүгүнкү күндө кай бир фильмдерде кездеше калчу акылга сыйбаган окуялар, бузуку идеялар, тил саясатын туура эмес жүргүзүүгө кедергисин тийгизген көрүнүштөр – барып келип улутубуздун келечегине балта чабат. Мындай жосундарга жол берилбей, маданият министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш.

* * *
Сөз соңунда айтарым, Төлөмүш Океевдин ысымын алып жүргөн Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын кызматкерлери улуттук идеологияга жар салып, тарыхый инсандардын бейнесин таасын ачкан фильмдерди жаратып, элибизге түбөлүк рухий мурастарды калтырууну көздөшү кажет. Ал үчүн кыргыз киносунда эмгектенип келишкен жалпы кино жамаатына чыгармачылык жигер каалайм!