150 миңди миллионго жеткирип, төө куш баккан нарындык фермер

Аймак Загрузка... 15 Март 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Нарын өрөөнүндө негизинен кой-эчки, бодо малга басым жасалып келет. Эми дубанда жаңылык киргизип жаткан жергиликтүү тургун бар. Ал Нарын облусунун 8-Март айылынын тургуну Болотбек Тынаев. Фермер башкалардан өзгөчөлөнүп, төө куш багып жатат. Алгач бир төө куш багып, байкап көргөн. Учурда анын короосунда төрт канаттуу бар.

WhatsApp Image 2026-03-14 at 14.21.38 (3).jpeg

“Менин атам кырк жыл, өзүм он жыл чабан болдум. Сарайда кой, уй кайтардым. Пайда деле көргөн жокмун. Жаштыгымды коротуп, убара эле болуптурмун. Ойлонуп отуруп канаттуу багууну чечтим. Тоок, үндүктүн көп породасын бактым. Жумуртка, балапан сатып, анан жашоом оңолду. Жазында социалдык келишим менен 150 миң сом алгам. Ага эт багытындагы үндүк сатып алдым. Кеч күздө союп, беш миңден саттым. Тирүүлөй алты миңден кетти. Ошентип 150 миңди 700 миң кылдым. Ал акчага кой алып байладым. Семиртип, сатып 1 миллион сом кирешеге чыктым да, төө куш сатып алдым. Ар биринин баасы 80 миң сом. Өзбекстандан паспорту менен келген", — дейт Болотбек Тынаев.

WhatsApp Image 2026-03-14 at 14.21.38 (1).jpeg

Төө куштар тууралуу кызыктуу маалыматтар арбын. Бир төө куш орто эсеп менен 120 килограммга чейин эт берет. Андан жылкы этиндей эле чучук жасоого болот. Даамы да жылкыныкына окшош келет дешет. Мындан тышкары, төө куштун эти мүнөз тамакка киргендиктен, кан басымынын жогорулашын, кант диабетин алдын алууга миңдин бири экен. Бул канаттуунун дагы бир өзгөчөлүгү — жүнү. Ал дизайнерлер арасында жогору бааланып, ар кандай кооз кийимдерди жана аксессуарларды жасоодо колдонулат.

"Булардын тамактануусу кадимкидей. Малга берген беде чөп жешет. Аны чөп туурагычтан өткөрүп майдалап берем. Андан тышкары арпа, буудай, жүгөрү жейт. Туут убагында жымык, соя, балык, сөөк ундарынан берем. Кышында булар үшүбөйт, -40 градуска чыдашат. Жайында деле ысыкты көтөрө алышат. Төө куштар үч жаштан тарта жумуртка тууп башташат. Бирок төрт жаштан жогору тууган гана канаттуунун жумурткасынан балапан чыгат. Өздөрү байырлаган жерде 70–80 жыл жашашат. А бизде ашып кетсе 50–60 жыл жашайт деп жатышат. Өздөрүнүн мекенинде бир жайда 80ге чукул жумуртка тууйт экен. Бакма болгондо жылына 30–40 жумуртка берет. Биз аларды инкубаторго салып чыгарабыз. Туура 45 күндө балапан чыгат", — деп айтып берди фермер.

WhatsApp Image 2026-03-14 at 14.21.39.jpeg

Төө куштардын да өздөрүнө гана таандык мүнөзү бар. Кээде көңүлү келгенде канаттарын жайып бийлешет экен. Бирок чоочун адамдарга дароо эле көнүп кетпейт. Бири-бири менен кадимкидей кармашкан учурлар дагы болот дейт кожоюну. Ошондой эле фермер эмне үчүн төө куш багуу пайдалуу экенин айтып берди.

"Мисалы, бир тайдын баасы орто эсеп менен 80 миң сом. Бирок тай чоңоюп төл бергенге чейин төрт жылдай күтүш керек. Ошол убакыт аралыгында тайды багуу, жайлоого чыгаруу, чабанга акы төлөө деген чыгымдар бар. Төө куш деле 80 миң сом. Короодо багылат. Орто эсеп менен бир ургаачы төө куш жылына 30га чейин жумуртка тууйт. Эгер анын жарымынан гана балапан чыкты десек да, жылына 15ке чейин балапан алса болот. Эми салыштыралы, бир бээ жылына бир кулун тууйт, төө куш андан 15 эсе көп тукум берип жатпайбы", — дейт ал.

WhatsApp Image 2026-03-14 at 14.21.39 (1).jpeg

Болотбек Тынаев төө куштун санын көбөйтүп, эт багытындагы ферма ачууну кыялданат. Бирок баягы эле каражат маселеси анын пландарына тоскоол болуп жатканын айтат.

Фермер: "Мамлекет пайызсыз кредит берип, башталгыч бизнести колдосо, ишибиз илгерилемек", — дейт.

Мындан тышкары, ал индоөрдөк жана кыргоолдорду да алып келүүгө буйрутма берген. Жакынкы күндөрү анын короосунда жаңы канаттуулар пайда болору күтүлүүдө.