142 мектепте 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат

Загрузка... 29 Май 2025 13:03
2021_08_17_17_33_23_160275.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Кыргызстанда 142 мектепте 2025-2026-окуу жылына карата 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, эртең 30-майда саат 09:00дөн тарта ата-энелер балдарын мектептерге каттай алат.

"Бул кошумча орундар мектептик билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана ата-энелер менен мыйзамдуу өкүлдөрдүн суроо-талаптарын канааттандыруу максатында берилет", - деп белгилешти министрликтен.

Кошумча квоталар кайсы мектептерде берилерин төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.