Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. №13 округда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо өтөрү белгилүү болду. БШК мындай чечимди талапкердин тарапташтары 35 шайлоо тилкесинде шайлоочуларды телефонго тартып, добуш берүүнү көзөмөлдөгөнү далилденгенден кийин кабыл алды.

Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева БШКнын отурумунда добуш берүүнүн жүрүшү шайлоочунун идентификациядан өтүшүнөн тартып, бюллетень таштаганга чейинкиси толук видеого жазылып турганын көрсөттү.

Эми бул мыйзам бузууга тиешеси бар 14 талапкер кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров белгилегендей, Боршайкомдун чечимине нааразы болгондор сотко кайрыла алат. Ошондой эле укук коргоо органдары аныкталган жогорудагы фактылардын негизинде өз жумуштарын алып барат.
Автоматтык эсептөө урналарынын маалыматы боюнча, №13 округда Бактыбек Сыдыков алдыңкы орунга чыгып, 17 397 добуш алган. Анын артынан Айбек Алтынбеков 13 миң 477 добуш менен келген. Аял талапкерлердин арасында Айгүл Карабекова (8 839) көп добуш топтогон.
Автоматтык эсептөө урналарынын маалыматы боюнча талапкерлердин добуштарынын жыйынтыгы:
- Сыдыков Бактыбек Үсөнович — 17 397 (25,24 %)
- Алтынбеков Айбек — 13 477 (19,55 %)
- Мамытов Талант Турдумаматович — 12 096 (17,55 %)
- Карабекова Айгүл Асановна — 8 839 (12,82 %)
- Султанова Олмаскан Абдыкапаровна — 3 597 (5,22 %)
- Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна — 3 550 (5,15 %)
- Нышанов Сайдулла Канболотович — 3 351 (4,86 %)
- Жураева Чынара Муратовна — 2 306 (3,35 %)
- Жээнбекова Гүлназ Камытовна — 991 (1,44 %)
- Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович — 660 (0,96 %)
- Абдалиев Мейкинбек Акимович — 697 (1,01 %)
- Саипов Айбек Сатыбекович — 812 (1,18 %)
- Маматалиева Мунара Даниярбековна — 247 (0,36 %)
- Курбаналиев Жаныбек Масабирович — 430 (0,62 %)
- Баарына каршы — 487 (0,71 %)
БШКнын маалыматына ылайык, №13 округ Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна карайт жана Базар-Коргондун бир бөлүгүн, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактарын, Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков айыл аймактарын, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларын камтыйт.