№13 округда кайра шайлоо. Талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Шайлоо 30 январь 2026 10:00
№13 округда кайра шайлоо. Талапкерлерди көрсөтүү аяктады
copyright icon БШК

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 31 талапкер көрсөтүлдү. Алардын ичинен эркектер – 21, аялдар – 10.

Бүгүнкү күнгө карата 11 талапкер катталды, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

Белгилей кетсек, кайра шайлоо 1-мартта өтөт.