12 жылдык билим берүү. Дароо 2-класска барган окуучулар кандай программа менен окутулат?

Билим Загрузка... 26 Март 2025 15:25
WhatsApp Image 2025-03-26 at 15.19.16.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте өткөн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева 2-класстын окуучулары кандай программа менен окутула турганын айтып берди.

Анын айтымында, алар 1-класстан кийин которулган 2-класстын окуучулары жана быйыл дароо 2-класска киргендер болот.

“Албетте, экинчи класстардын саны көбөйүүдө, алар эки программа боюнча окутулат. 1-классты аяктаган 2-класстын окуучулары эски программа боюнча, ал эми 2-класска дароо кирген окуучулар жаңы программа боюнча окутулат”, - деди ал.

2-класска мугалимдер жетиштүүбү деген суроого министрдин орун басары жооп берген жок.