116 миңге жакын жаран аралыктан добуш берди – Бекматов — Кабар

116 миңге жакын жаран аралыктан добуш берди – Бекматов

Шайлоо 1 декабрь 2025 11:40
116 миңге жакын жаран аралыктан добуш берди – Бекматов
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоодо 116 миңге жакын жаран аралыктан добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, аралыктан добуш берүүнүн алкагында 26 миңден ашуун жаран чет өлкөлөрдөн, ал эми 90 миңге жакын шайлоочу Кыргызстандын ичинде добуш беришти.

“Бул жолу шайлоочулардын аралыктан добуш берүүгө болгон ишеними жогору болду. Бул технологиялык жетишкендиктин жана шайлоо процессин санариптештирүүнүн ийгиликтүү үлгүсү”,— деди ал.