10-апрелде борбор калаанын батыш тарабында суу өчүрүлөт

Коом Загрузка... 08 Апрель 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. 10-апрелде борбор калаанын табыш тарабында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин Алыкулов көчөсү -  Кустанай көчөсү - ЧЧК - Ала-Арча суусу -  Рыскулов көчөсү (Дэн Сяопин проспектиси) — Интергельпо — темир жол линиясы, ошондой эле (Пригородное)  Юбилейная  көчөсү - Горький  көчөсү—Садовая көчөсү (Пригородное) — ЧЧК менен чектешкен аймактарда, Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер  конуштарында, 110-квартал, Достук кичи райондорунда суу болбойт.

Ичүүчү суу «Батыш» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.