1-Май майрамы - эмгекке жана тилектештикке арналган күн

Коом Загрузка... 01 Май 2026 10:20
WhatsApp Image 2026-05-01 at 07.31.31.jpeg
copyright icon Жасалма интеллект

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

1-Май - эмгекчилердин укугу жана тилектештиги менен байланышкан эл аралык майрам. Бул күндүн тарыхы жумушчулардын адилеттүү шарт үчүн күрөшүнөн башталып, кийин СССР мезгилинде мамлекеттин эң маанилүү майрамдарынын бири катары кеңири белгиленген. Кыргызстанда да бул күн расмий майрам катары белгиленип, эс алуу күнү болуп саналат.

Кыргызстандагы эмгек рыногуна кам көрүү

Кыргызстанда да эмгек рыногун туруктуу өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Кесиптик окутуу, колдоо программалары жана ишке орноштуруу чаралары калкты иш менен камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1-мартка карата калктын саны 7 млн 404,3 миң адамды түзгөн.

Жумушчу күчү 2860,7 миң адамды түзгөн.

Иштеген калктын саны 2756,0 миң адамды, жумушсуздардын саны 104,7 миң адамды түзгөн. Ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 3,7%ды түзгөн. 2025-жылдын жыйынтыгы менен расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,3% ды түзгөн.

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө эсепте турган жумушсуздардын саны - 57 700 адам. Алардын 25 521си – аялдар, 33752си - жаштар. Ошондой эле расмий жумушсуздардын саны - 38 270 адам. Алардын - 17 591и аялдар жана 23 488и - жаштар.

Жарандарды ишке орноштуруу

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын I кварталында 8 087 бош жумуш орун катталып, анын 5 243ү учурда актуалдуу бойдон калууда.

Иш менен камсыз кылуу чараларынын алкагында 3 562 жаран жумушка орноштурулган. Алардын 1 996сы аялдар, 1 841и жаштар.

Министрлик жарандарга акысыз бир катар кызматтарды көрсөтөт. Алардын ичинде жумушсуз катары каттоо, кесиптик окутууга жана кайра даярдоого жөнөтүү, жөлөк пул дайындоо, убактылуу жумуш орундарын сунуштоо, жумушка орношуу боюнча маалымат берүү, социалдык контракт аркылуу колдоо жана “Жаштар стажировкасы” программасын ишке ашыруу бар.

Мындан тышкары, жарандарга жана бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берүү иштери да туруктуу жүргүзүлөт.

Өлкөдөгү жумуш орундары

2026-жылдын I кварталында эмгек рыногунда 5 243 бош жумуш орун суроо-талапка ээ болгон. Анын ичинен 1 465и кызматчы, 3 778и жумушчу кесиптерге туура келет.

Кызматчы багытында мугалимдер, саламаттык сактоо кызматкерлери, бухгалтерлер, программисттер жана мамлекеттик кызматкерлерге суроо-талап жогору.

Ал эми жумушчу кесиптер арасында тигүүчүлөр, курулуш тармагындагы адистер, айдоочулар, ашпозчулар, соода агенттери жана кызмат көрсөтүү тармагынын кызматкерлери басымдуулук кылат.

Мындан тышкары, эмгек рыногунда экспедитор, гид, маркетолог жана бариста сыяктуу жаңы кесиптерге да суроо-талап пайда болууда.

Жарандарды колдоо жана кесиптик даярдоо боюнча иш-чаралар

Жумушсуз жарандардын саны 39 373 адамды түзүп, алардын 27 427си эмгек мыйзамдары, кесиптик окутуу жана кесип тандоо боюнча кеңеш алышкан.

Жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2 039 жаран эмгек рыногунун талаптарына ылайык кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Окутуу көбүнчө суроо-талап жогору болгон кесиптер — ашпозчу, тигүүчү, чач тарач, эсепчи, автоэлектрик, компьютер адиси, дизайнер, ширетүүчү жана башка багыттар боюнча жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, 1 974 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге убактылуу жумушка тартылган.