Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишүү чекитинде символикалык стела ачылды

Министрлер кабинети 31 Март 2025 15:41
67ea5fe256607-thumb.jpeg
67ea5fadeeacd-thumb.jpeg
67ea5fae63f17-thumb.jpeg
67ea5faeec873-thumb.jpeg
67ea5faf7b1b4-thumb.jpeg
67ea5fc8a6e0a-thumb.jpeg
67ea5fc9d544a-thumb.jpeg
67ea5fc9e565f-thumb.jpeg
67ea5fc881f11-thumb.jpeg
67ea5fcaf27e6-thumb.jpeg
67ea5fcc11f39-thumb.jpeg
67ea5fcc79ecd-thumb.jpeg
67ea5fcd515d8-thumb.jpeg
67ea5fcdcead1-thumb.jpeg
67ea5fce4706f-thumb.jpeg
67ea5fce90458-thumb.jpeg
67ea5fcf505ae-thumb.jpeg
67ea5fd001d7f-thumb.jpeg
67ea5fe0c5ac8-thumb.jpeg
67ea5fe21d33a-thumb.jpeg
67ea5fe08245b-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67ea5fe256607-thumb.jpeg
67ea5fadeeacd-thumb.jpeg
67ea5fae63f17-thumb.jpeg
67ea5faeec873-thumb.jpeg
67ea5faf7b1b4-thumb.jpeg
67ea5fc8a6e0a-thumb.jpeg
67ea5fc9d544a-thumb.jpeg
67ea5fc9e565f-thumb.jpeg
67ea5fc881f11-thumb.jpeg
67ea5fcaf27e6-thumb.jpeg
67ea5fcc11f39-thumb.jpeg
67ea5fcc79ecd-thumb.jpeg
67ea5fcd515d8-thumb.jpeg
67ea5fcdcead1-thumb.jpeg
67ea5fce4706f-thumb.jpeg
67ea5fce90458-thumb.jpeg
67ea5fcf505ae-thumb.jpeg
67ea5fd001d7f-thumb.jpeg
67ea5fe0c5ac8-thumb.jpeg
67ea5fe21d33a-thumb.jpeg
67ea5fe08245b-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Тажикстан премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода, Өзбекстан премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекитинде символикалык стеланын ачылыш аземине катышты.  

Белгилей кетсек, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекитиндеги символикалык стеланын ачылыш аземин – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстандын Худжант шаарында видео-конференц байланыш аркылуу жасашты. 

Анда учкай сөз сүйлөшкөн үч мамлекеттин өкмөт башчыларынын орун басарлары – Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекитинде символикалык стеланын ачылышы бул тарыхый окуя экенин, стелла чек ара маселелери чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана жакшы коңшулаштыктын жаңы доорунун символун билдирээрин, чек ара маселелерин чечүү Президенттердин саясий эркинин аркасында ишке ашырылгандыгын белгилешти. 

Кошумчалай кетсек, стела Кыргызстандын Баткен облусунун, Тажикстандын Согди облусунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун аймактарында курулду.