Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. "Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин башчысы коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-2024-жылдары Жайыл районундагы "Петропавловск" каналын капиталдык оңдоо учурунда аныкталган коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу мыйзамдарын бузууларды жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу аныкталып, мамлекетке 12 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Тергөөнүн алкагында Суу ресурстары кызматына караштуу мамлекеттик мекеме болгон "Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгынын" мекемесинин башчысы (Суу ресурстары кызматынын мурдагы убактылуу директору) 1965-жылы туулган Р.М.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.