Бишкек, 12.08.26 /Кабар/. Зимбабведеги Кариба көлүндө кеме оодарылып, кеминде 15 адам каза болду, дагы 30 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу БЕЛТА ZBC News басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктан кийин 70тен ашуун адам куткарылган.
Зимбабвенин Жарандык коргонуу кызматынын өкүлү кемеде 114 чоң жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгонун катталган билеттердин маалыматынын негизинде гана тастыктоого мүмкүн болгонун билдирди.
Мындан тышкары, кемеде төрт жашка чейинки балдардын саны белгисиз болушу мүмкүн. Анткени алар билетсиз ташылат.
Учурда издөө-куткаруу иштери улантылууда.