Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 30 апрель 2025 12:12
Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына депутат Жылдыз Садырбаева шайланды.

Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы сунуштаган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 76 депутат Жылдыз Садырбаеванын талапкерлигин колдоду. Тийиштүү Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.