Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-май айларында ички дүң продукт (ИДП) 781,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин
төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алдын ала баалоолор боюнча бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 12,2%га жогорулады.
Ошондой эле Зайнидин Жумалиев белгилегендей, 5 айда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 374,7 млрд сомду түздү.
“Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу өсүшү металл, тамак-аш азыктары, тазаланган мунайзат, курулуш материалдары, транспорт каражаттары, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык, химиялык жана фармацевтикалык продукциялардын өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы менен камсыз болду”, - деп айтты ал.