Жыл башынан бери Бишкекте кене чаккан 19 адам катталган

Ден соолук Загрузка... 15 Апрель 2025 17:27
WhatsApp Image 2025-04-15 at 13.37.53.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкекте кене чаккан 19 адам катталган. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологу Азамат Жумгалбеков билдирди.

Анын айтымында, кайрылгандардын бирөөсү иммуноглобулин алган. Ал эми 2024-жылы өлкөдө кене чаккандан кийин жалпысынан 1 миң 14 адам медициналык жардамга кайрылган.

“2024-жылы Бишкек шаары боюнча жалпысынан 511 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 106сы шаар сыртынан келген жарандардан. Анын ичинен 53 адам кене энцефалити менен ооруганы аныкталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу көп. Тактап айтканда, бул 2024-жылы кене чаккандардын саны өскөнүнөн кабар берет. Учурда борбордо кене энцефалити боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу жана кооптонууга негиз жок”,-деди ал.

Жумгалбеков кошумчалагандай, кене энцефалитинин спецификалык жана спецификалык эмес профилактикасы бар.

“Биз коркунучтуу топторду , тагыраагы корукчуларды, токойчуларды, Кыргыз улуттук университетинин биология-геология факультетинин студенттерин гана эмдөөдөн өткөрөбүз. Андыктан жаратылышка чыгуучу жарандарга кенелердин теринин ачык жерлерине кирип кетпеши үчүн жабык кийим кийинүү сунушталат. Кенени алууда кол кап же желим баштык кийүү зарыл. Бул чара терини кене чагып кетсе, инфекциялардан коргойт. Кенени өз алдынча териден чыгаруунун бир жолу - учтуу пинцет менен алып салуу. Мүмкүн болушунча теринин бетине жакын кармап, туруктуу, бирдей басым менен тартыш керек. Алып салгандан кийин, чаккан жерди медициналык спирт менен дезинфекциялоо же самындуу суу менен жуу керек. Кан соргучту алып салгандан кийин, теридеги жараатты айыктыра электе йод, спирт же башка антисептик менен дарылоо керек. Кене толугу менен жок кылынса, жараат бир жуманын ичинде айыгат. Бинт же компресс талап кылынбайт. Дагы бир жолу кене чаккандан кийин 72 сааттын ичинде кенени алып салуу үчүн жакынкы травматология бөлүмүнө кайрылуу керек”, - деди дарыгер.

Маалымат үчүн: Вирустук кене энцефалити – айрыкча борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч кармаган жугуштуу вирустук оору. Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолуктун бузулушуна чейин майыптыкка жана өлүмгө алып келет.