Кыргызстанда жыл сайын миңдеген адамдар рак оорусуна чалдыгат, тилекке каршы, акыркы стадиясында дарыгерлерге кайрылган учурлар жок эмес. Адистер өз убагында дартты аныктаса, залалдуу шишикти көп учурларда ийгиликтүү дарыласа болот деп ишендиришет. Эмне үчүн эрте диагностика абдан маанилүү? Бейтаптар жана дарыгерлер кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Өлкөдө заманбап текшерүү ыкмаларына жетүүнү кантип жакшырта алабыз? Ушул жана башка маселелер тууралуу биз Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев менен маектештик, ал адис катары пикири, байкоолору жана ден соолугуна кам көргөн ар бир адамга сунуштары менен бөлүштү.

Анын айтымында, онкологиялык оорулуулардын статистикасы жылдан жылга өзгөрбөй келет. Ооруга чалдыккандардын саны өскөн жыл да, азайган жылдар да бар. Бул көптөгөн факторлорго байланыштуу. Жылдан жылга орточо статистика болжол менен бирдей эле. 2024-жылы республика боюнча оорунун 6 миңден ашык жаңы учуру катталган. Бизге оорулуулардын болжол менен 50%ы оорунун 3-4-стадиясында кайрылганы өкүнүчтүү.
"Балким бизде ушундай менталитет калыптанып калган, бейтап өзүн жаман сезгиче, ал текшерилүүгө барбайт. Скрининг программасын, эрте аныктоону киргизүү керек. Биздин республика ашказан, өпкө, эмчек жана жатын моюнчасынын рагы боюнча алдыңкы орунда турат. Бул патологиянын төрт түрү. Мына ушул максаттар үчүн төрт оорунун баарын эрте аныктоо программасын ишке киргизишибиз керек. Бирок биздин бейтаптар оорунун алгачкы стадиясында дарыгерлерге сейрек келишет, качан гана кеч болуп калганда жардамга кайрылышат”, - деди ал.

Нурбек Букуев белгилегендей, оорунун биринчи жана экинчи стадиясын ийгиликтүү дарылоого болот. Мында жашап кетүү статистикасы жогорку көрсөткүчтү көрсөтөт. Биринчи стадияда бейтаптардын 80-85% жашап кетет. Бул жүз бейтаптын 80-85%ы аман калат дегенди билдирет.
"Биз дүйнөлүк тажрыйбадан дээрлик артта калган жокпуз. Бирок көпчүлүк учурда бейтаптар оорусу күчөп, кээде организмдин башка жерлерине жайылып, метастаздар пайда болуп калганда кайрылышат. Албетте, мындай абалды жөнгө салуу өтө кеч болуп калат. Андыктан эрте аныктоо, текшерүү, өзүн-өзү текшерүү абдан маанилүү. Ушу тапта Улуттук онкология борбору Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук фонд менен биргеликте райондорго чыгууларды уюштуруп жатат. Экспедиция буга чейин Ош, Жалал-Абад облусуна барды, азыр Нарын облусунда. Мында дарыгерлер акысыз текшерүүлөрдү жүргүзөт. Ушундай акциялар биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок, мындан ары да ушундай иш-чаралар улантылат. Бул экспедициянын максаты – жер-жерлерде ракты эрте аныктоо”, - дейт дарыгер-онколог.

Борбордун жетекчисинин пикиринде, оорулардын статистикалык көрсөткүчтөрү республика боюнча бирдей. Акыркы убакта Нарын облусунда ооруга чалдыккандардын саны өсүүдө. Бирок Нарында калктын жыштыгы төмөн. Ошондуктан оорунун көрсөткүчтөрү жогору. Ош облусунда деле калктын санына жараша көрсөткүчтөр бирдей болмок. Ошого карабастан оорунун көрсөткүчүн аныктоодо Нарын облусу алдыңкы орунда турат. Ал жерде ашказан рагы көбүрөөк байкалып жатат. Экспедициядан кийин статистикалык маалыматтар түзүлүп, отчет берилет.
Онколог белгилегендей, тамак-аш маданиятындагы өзгөрүүлөр, ультра иштетилген тамак-аштарды, тез татымдарды көп колдонууга өтүү жана жашылча-жемиштерди керектөөнүн азайышы менен мүнөздөлгөн өзгөрүүлөр рак оорусуна чалдыгуу коркунучун кыйла жогорулатат. Туура эмес тамактануу тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктер жана аз физикалык активдүүлүк менен катар эле рактын көбөйүшүнө таасир эткен негизги факторлордун бири.
Мындан тышкары, дарыгер кошумчалагандай, балдарда пайда болгон оорулар негизинен тукум куучулукка жана ген мутацияларына байланыштуу. Бул ген мутациялары рактын өнүгүшүнө себеп болушу мүмкүн.