Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Жыл башынан бери 7106 жаран жумушка орноштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июлга карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылган. Алардын ичинен 52 миң 807 жаранга эмгек мыйзамдары жана иш менен камсыз кылуу маселелери, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңештер берилди.
Учурда кесипке багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош жана Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иш алып барууда.
Министрликтен белгилешкендей, кесипке багыт берүү борборлору жана министрликтин аймактык бөлүмдөрү окуучуларга жана жумушсуз жарандардын кесип тандоосуна көмөктөшөт.