Быйыл өлкөдө 75 кайра иштетүүчү ишкана жана логистикалык борбор ачылат

Экономика Загрузка... 12 Март 2026 09:55
602399290_122197802402341273_5160056310000553326_n.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Быйыл өлкө боюнча 75 кайра иштетүүчү ишкана жана соода-логистикалык борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ишке берилди:

  • Нарын облусу, Жан-Булак айылы — жеке ишкер К. Амантуровдун тамак-аш азыктарын чыгаруучу цехи;
  • Нарын облусу, Эмгек-Талаа айылы — жеке ишкер А. Мусабекованын сүттү кайра иштетүүчү ишканасы (кубаттуулугу айына 4 тоннага чейин);
  • Ысык-Көл облусу, Тоң району — тоют өндүрүүчү "Эрдик" ишканасы;
  • Талас облусу, Манас району — мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо үчүн каралган "Золотой Орех" ЖЧКсынын соода-логистикалык борбору (кубаттуулугу 500 тонна).

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын январь айында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан 8 091,6 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул аталган тармакта туруктуу өсүү жана оң динамика бар экенин айгинелейт.