Жыл башынан бери 1,2 миллиондон ашык качкын Афганистанга кайтып келди

Дүйнө Загрузка... 01 Июль 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-07-01 at 10.14.24.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Жыл башынан бери 1,2 миллиондон ашык качкын Афганистанга кайтып келди. Бул тууралуу Интерфакс БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын маалыматына таянып кабарлады.

Анда белгиленгендей, акыркы үч жарым айда Ирандан 640 миң афганистандык качкын келген. Алардын ичинен 360 миңдейи депортацияланган.

Иран өкмөтүнүн талаптарына баш ийүү менен афганистандыктар массалык кайтууга аргасыз болуп жатат.

БУУ каражаттардын кыскарышынан улам гуманитардык жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилөөдө.