Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Кыргыз геология кызматында "Чаарат ЗААВ" ЖАКтын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү Чаткал районунда жайгашкан Чаарат кенин өздөштүрүү долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле долбоорду мындан ары ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын көмөгүн талап кылган маселелер белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз геология кызматы өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында кенди мындан ары өздөштүрүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар долбоорду жигердештирүү үчүн зарыл болгон конкреттүү чараларды аныктоо багытында биргелешкен ишти улантууга макулдашты.
Белгиленгендей, "Чаарат" долбоорун ишке ашыруу инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү жана Чаткал районунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.