Жумгалда мыйзамсыз багылган эликтин чаарчыгы Нарын коругуна өткөрүлдү

Коом 2 сентябрь 2026 10:10
Жумгалда мыйзамсыз багылган эликтин чаарчыгы Нарын коругуна өткөрүлдү
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Жумгал районунда жергиликтүү тургун тарабынан жапайы эликтин чаарчыгы мыйзамсыз багылып жатканы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, адистер текшерүү жүргүзүп, жаныбардын ден соолугун аныктоо үчүн ветеринардык адисти чакырышкан. Кароонун жыйынтыгында чаарчыктын абалы орточо деп бааланып, жугуштуу оорулардын белгилери аныкталган эмес.

"Жаныбардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында эликтин чаарчыгы Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна жеткирилип, убактылуу багууга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.