Бектур Жумалиев Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 18 июль 2025 14:34
Бектур Жумалиев  Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары болду
copyright icon Жарандык авиация агенттиги

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Жумалиев Бектур Алмазбекович Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Агенттиктен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.