Кыргызстанда акыркы жылдары эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны кескин көбөйүүдө. Бул көрүнүш кызамык сыяктуу жугуштуу оорулардын жайылышына алып келүүдө. Эмдөөдөн баш тартуунун негизги себептери катары диний ишенимдер, вакциналардын сапатына болгон күмөн саноо жана туура эмес маалыматтардын жайылышы көрсөтүлүүдө.
Негизи эле баланы сөзсүз түрдө эмдөөдөн өткөрүү керекпи? Вакцина алган бала кандай ооруларды жуктуруудан сактанат? Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Республикалык иммунопрофилактика борборунун эпидемиологу Айчүрөк Макилова менен маек курду.

— Учурда республикада Европалык эмдөө жумалыгы башталды, кандай жүрүп жатат жана эмдөө абалы кандай?
— Европалык эмдөө жумалыгы жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал республиканын бардык аймагында 12-майдан 18-майга чейин уланат. Иш-чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун калкты жугуштуу оорулардан коргоо үчүн эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматуулугунун жогорулатууга багытталган глобалдуу демилгесинин бири болуп саналат. Биздин өлкө 20 жылдан бери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык эмдөө жумалыгын өткөрүү боюнча демилгесин колдоп келе жатат. Жумалыктын негизги максаты өз убагында эмделбеген балдарды эмдөө. Тагыраагы, пландуу эмдөөнүн уландысы болуп, акысыз өткөрүлөт. Эмдөөдөн сырткары, бир апта ичинде жер-жерлерде жергиликтүү бийликтин жардамында вакцина жана эмдөө тууралуу ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери, окутууулар жана семинарлар өткөрүлөт. Муну менен катар көчмө мобилдик топтордун жардамында биздин дарыгерлер алыскы жетүүгө кыйын болгон аймактарга да барып келишет.
— Өлкөдө эмдөөдөн баш тарткан жарандардын саны өсүүдө, эмне үчүн? Негизги себептер кайсылар?
— Тилекке каршы, эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Алсак, 2024-жылы 19 миңден ашык баланын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан. Анын ичинен эмдөө коопсуз экенине шектенгендер – 8 миңден ашык, диний ишеним боюнча – 8 миңден ашык, ар түрдүү булактардан такталбаган маалымат алып алган жарандарыбыздын саны – 2 миңден ашуун. Бүгүнкү күндө ата-энелердин басымдуу бөлүгү интернет булактарынан же болбосо тааныштарынан такталбаган маалыматтарды алып, балдарын эмдетпей жатышат. Бул албетте, өлкөнүн жарандарынын чың ден соолукта жана куунак жашашына терс таасирин тийгизет. Айрым учурда бала эмдөөдөн өтүп, бир аз сыркоолоп калса ата-энелер башка жарандарга балам эмдөөдөн кийин ооруп калды, эмдетпей эле койгула деп айткан учурлар кездешет. Айтаарым, ар бир баланын организми индивидуалдуу болот. Бир эле вакцинаны ар бир бала ар түрдүү көтөрөт. Эмдөөдөн кийин баланын үч күнгө чейин дене табы 38ге чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Ийне сайылган жери кызарып, оорушу мүмкүн. Бул нормалдуу көрүнүш. Биздин медайымдар эмдөөдөн өткөн ар бир баланын ата-энесине үч күнгө чейин баланы кандай кароо керек экенин түшүндүрүп, айтып беришет. Бирок, ага карабай ата-энелер үй шартында түрдүү ыкмаларды колдоонуу менен баланын абалын ого бетер күчөтүп жиберишет. Дене табы көтөрүлгөн учурда туура эмес дарыларды беришет, кызарган жерине туура эмес препараттарды сүйкөп, айрым учурда хирургиялык кийгилигишүүгө мажбур кылып жатышат. Ата-энелерге дагы бир жолу айта кетейин, баланы эмдөөдөн өткөргөндөн соң эч кандай үй шартында даарылоого болбойт. Бала үч күндөн ашык кыйналып жатса, анда дароо үй бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек.
Медицинада ооруну дарылоодон көрө, алдын алуу алда канча натыйжалуу. Ошондуктан, ата-энелер балдарын өз убагында эмдетип, алардын ден соолугуна кам көрүшү зарыл.

— Диний ишеним жана көз караш эмдөөгө тоскоолдук кылып жатканы азыр дагы байкалабы? Дин ишмерлери бул боюнча кандай пикирде?
— Диний көз караш менен эмдөөдөн баш тарткандардын саны экинчи орунда турат. Алардын басымдуу бөлүгү вакцинанын курамында чочконун майы бар деп баш тарткандар. Айрымдары Аллах баламды жараткан, ошондуктан ал бир гана өзү аны сактай алат деген пикир менен жашагандар. Алар бир гана вакцинадан эмес, жалпы эле дары-дармектердин баш тарткандар. Бизге келген вакциналардын баары сертификатталган. Ушул эле вакцинаны башка мусулман өлкөлөрү да колдонуп келишет. Биз Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз иш алып барабыз. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан атайын эмдөө боюнча фатва чыгарылган. Анда өлкөдө эмдөө жүргүзүүгө уруксат берилген. Өз кезегинде алар дагы түшүндүрүү иштерин алып барып жатышат.
— Эмдөөдөн өтпөгөн балдар арасында кайсы оорулардын көбөйүшү байкалууда? Бул кандай кесепеттерге алып келүүдө?
— Жылдан-жылга эмдөөдөн баш тарткандардын саны өскөнүнө байланыштуу көптөн бери катталбай келген оор жугуштуу оорулар катталууда. Алардын бири баарыңыздарга маалым болгондой бул - кызамык оорусу. 2023-жылдан тарта кызамык оорусу балдар арасындагы эң оор жугуштуу оору болуп, токтобой келет. Кызамыкка каршы эмдөө албаган 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарыбыз өтө көп ооруп жатат. Андан кийинки орунда көк жөтөл оорусу. Көк жөтөл дагы эки жылдан бери балдар арасында көп катталууда. Ал эми жалпысынан алганда, оор жугуштуу оорулар менен жабыркаган балдардын 90%ы эмдөөдөн баш тарткан ата-энедердин балдары болуп жатат. Жыл башынан бери өлкөдө кызамыктан 9 бала каза болду. Бул балдар да эмдөөдөн өтпөгөн балдар. Мындан сырткары, бизде шал оорусуна каршы 1 жашка чейинки балдарга эмдөө жүргүзүлөт. Өлкөдө 2002-жылдан бери шал оорусу каттала элек. Бирок, эгерде эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйө берсе, шал оорусунун өлкөдө катталышынын ыктымалдыгы абдан жогору.
— Калктын эмдөөгө болгон ишенимин кантип жогорулатса болот?
— Эмдөөнү жүргүзүү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүүчү иш-чаралардын бири. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түшүндүрүү жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтарды байма-бай берип жатышат. ЖМКлардан биздин адистер эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу үзгүлтүксүз айтып келишет. Бизге көп учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу керек. Жер-жерлердеги түшүндүрүү иштеринде жакшы шарт түзүп беришсе бизге жеңил болмок. Ошондой эле биз медайымдарыбызды да окуудан өткөрүп турабыз.