ЖРТ–2026: 12 миң суроону камтыган “Булак” тиркемеси иштелип чыкты

Билим Загрузка... 19 Март 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-03-19 at 10.55.50.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануучулар үчүн мобилдик "Булак" тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Орун басардын айтымында, аталган тиркеме министрликтин демилгеси менен иштелип чыкты. Анын негизги максаты — тиркемени бардык ЖРТга катышуучулар, өзгөчө алыскы аймактарда окуган окуучулар үчүн жеткиликтүү кылуу.

"Биз бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярданууга арналган тиркеменин таанытымын жасап жатабыз. Атап айтканда, ал окуучулар үчүн машыктыруучу болот. Тиркемеге негизги жана кошумча предметтер боюнча 12 миңден ашык суроо жүктөлдү. Математика жана аналогия боюнча суроолор кыйынырак болгондуктан, алар көбүрөк камтылды. Суроолорду түзүүдө жасалма интеллекттин жардамы колдонулуп, алардын баары Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борборунун адистери тарабынан дыкаттык менен текшерилип чыкты. Ал эми суроолор болсо былтыркы колдонулган тесттерден алынды. Эми бүтүрүүчүлөр мобилдик телефонуна тиркемени көчүрүп алып, даярдана беришсе болот", — деди Самыкбаева.

Тиркеме акысыз, орус жана кыргыз тилдеринде App Store жана Android версияларында жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, учурда ЖРТга каттоо жүрүүдө. Ал 17-февралда башталып, 2-апрелге чейин уланат. Тестирлөөнүн өзү 16-23-май күндөрү өтөт.