Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Баткен облусундагы Баткен облустук мектеп-гимназия-интернатынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөдөн 239 балл алып, өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетишти.
Анын айтымында, ЖРТга даярдыкты ал 10-класстан баштап көрө баштаган. Ал эми 11-класста бардык көңүлүн тестирлөөгө буруп, интенсивдүү даярданган.
“Максатым – “Алтын сертификат” алуу болчу. Ошол максатыма жетүүгө болгон күчүмдү жумшадым. Бирок өлкө боюнча эң жогорку балл алам деп күткөн эмесмин. Бул мен үчүн күтүүсүз жана жагымдуу болду.
Андан сырткары жыйынтык жарыяланган күнү агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева видеочалуу аркылуу жеке өзү куттуктады. Бул дагы мен үчүн абдан күтүүсүз болду. Ошол учурда жанымда апам бар эле. Экөөбүз тең кубанычыбызды жашыра албай, сүйүнүчтөн көзүбүзгө жаш алдык. Андан кийин дароо атама, туугандарга жана класс жетекчиме чалып, сүйүнчүлөдүк”, - дейт бүтүрүүчү.
Учурда Сезимай Акматова Борбор Азиядагы Америка университетин (АУЦА) тандап, бизнес жана администрация факультетинде билим алууну пландап жатканын билдирди.