ЖРТ: “Булак” тиркемесиндеги ар бир суроо адистердин текшерүүсүнөн өттү

Билим Загрузка... 19 Март 2026 12:30
WhatsApp Image 2026-03-19 at 12.01.21.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. "Булак" тиркемесиндеги ар бир суроо Билимдин сапатын өнүктүрүү департаментинин адистеринин текшерүүсүнөн өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган мекеменин директору Бактыгүл Шамшидинова билдирди.

Анын айтымында, суроолорду түзүүдө жасалма интеллекттин жардамы колдонулгандыктан, департамент тапшырмаларга анализ жүргүзүп чыкты.

"Кыргызстанда биринчи жолу мындай тиркеме иштелип чыгып жатат. Бул өтө чоң маалымат базасы болуп саналат. Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануучуларга каалаган убакта, каалаган жерде даярдануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Биздин милдетибиз — тиркемеге киргизилген тапшырмаларды текшерип чыгуу болду. 28 адис бүгүнкү күндө тиркемедеги 12 миң 500гө жакын суроонун ар бирин бирден текшерип чыгышты. Адистердин программага кирип, кайра дагы текшерип туруу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ошондой эле суроолорду түзүүдө жасалма интеллект жардамдашса дагы, алардын баары мамлекеттик стандартка ылайык жана окуу предметтеринин негизинде иштелип чыкты. Атап айтканда, бардык темалар окуучуларга түшүнүктүү, буга чейин өтүлгөн. Мектеп программасынан сырткары суроолор жок. Алардын жаш курагына туура келет", — деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Агартуу министрлиги ЖРТга даярдануучулар үчүн түзүлгөн "Булак" тиркемесин сунуштады. Тиркеме акысыз, орус жана кыргыз тилдеринде App Store жана Android версияларында жеткиликтүү.

Эскерте кетсек, учурда ЖРТга каттоо жүрүүдө. Ал 17-февралда башталып, 2-апрелге чейин уланат. Тестирлөөнүн өзү 16–23-май күндөрү өтөт.