ЖОЖдор арасында футзал чемпиондору аныкталды

Спорт 29 Июнь 2026 14:30
733427954_1516821419411148_8687745744326557058_n.jpg
728950805_1579960130394656_9093800120254772224_n.jpg
732984680_2754822151560603_1938069352171224715_n.jpg
730397838_1316826627293299_2377553871493962576_n.jpg
733374194_1319254893703249_2743427468824659728_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда "Кыргыз Деңизи" санаторийинде жогорку окуу жайлардын педагогикалык кызматкерлери арасында өтүп жаткан "Ден соолук" спартакиадасынын алкагында футзал боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кызуу таймаштардын жыйынтыгында байге ээлери төмөнкүдөй аныкталды:

45 жашка чейинкилер арасында:

  • 1-орун: Ош мамлекеттик университети;
  • 2-орун: К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
  • 3-орун: Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети.

45 жаштан жогоркулар арасында:

  • 1-орун: Ош мамлекеттик университети;
  • 2-орун: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • 3-орун: К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.
"Спартакиада окутуучулардын арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана жогорку окуу жайларынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында өткөрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.