Бишкекте жаңы көчөлөр жана жол түйүндөрү пайда болот. Адис менен маек

Маек Загрузка... 17 Апрель 2026 18:20
1678871486.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө Бишкекте жыл сайын жаңы жолдор салынып, эскилери кеңейтилип жатат. Ошол эле маалда эски көчөлөр узартылып, башка жолдордогу унаа кыймылынын жүктөмү азайтылууда. Бул ирет "Кабар" агенттигине Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов шаардын түштүк-батыш тарабында аткарыла турган иштерди тизмектеп берди.

Dizayn_bez_nazvaniya_2.width-800

Миңжылкыев көчөсү шаардын Башкы планында каралганы менен, эмнеге ачылбай келген?

Башкы планга Миңжылкыев көчөсүнөн башка да бир катар көчөлөр, жол түйүндөрү, көпүрөлөр кирген. Алардын баары бир же эки жылдын ичинде курулбайт. Каражатка карап, иштер этап-этабы менен жүргүзүлөт. Миңжылкыев көчөсү тууралуу айтсак, каражат бөлүнүп, аталган көчө ачылмай болду. Бул быйылкы планга киргизилген.

Окуу жайдын студенттеринин жолдогу коопсуздугун камсыздоого кандай шарттар түзүлөт?

Негизи эле борбор калаадагы окуу жайлар көчөлөргө жакын жайгашкан. Мисалы, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети Медеров көчөсүндө жайгашкан. Окуу корпусу менен жатаканасын көчө бөлүп турат. Бул көчөгө биз жасалма дөңчөлөрдү коюп, жол белгилерин орнотконбуз, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилке чийилген. Негизинен университеттер, мектептер жана бала бакчалардын басымдуу бөлүгү көчөлөрдүн боюнда жайгашкан. Биз балдардын, студенттердин жана окутуучулардын коопсуздугун эске алып, жасалма дөңчөлөрдү, баскычы бар жол чырактарын коюп берип жатабыз. Миңжылкыев көчөсүн ачуу иштери башталганда корпустардын ортосунан өтүүчү көчөгө байкоо жүргүзөбүз. Жер астынан өтүүчү өтмөк курулушу мүмкүн, анткени көп ыкмалар бар. Албетте, студенттердин жолдогу коопсуздугу сөзсүз түрдө каралат. Ал жерде студенттерден тышкары, Жал кичи районунун жашоочулары сейилдешет. Ошондой эле жума күндөрү жакын жайгашкан мечитке да эл топтолот. Ошондуктан биз студенттердин гана эмес, бүтүндөй элдин коопсуздугун карайбыз. Бул көчөнү ачуу иштери жалпы шаардыктар үчүн жасалууда.

1678871460

Учурда Жал кичи районун шаардын борбордук бөлүгү менен байланыштыруу үчүн кандай пландар бар?

— Жал кичи районун шаардын борбордук бөлүгү менен Ахунбаев көчөсү жана Түштүк магистраль байланыштырып турат. Экөөнүн ортосунда көчө жок. Мунун баарын биз эске алып, Миңжылкыев, Бакаев көчөлөрүн ачканы жатабыз. Бакаев көчөсүн Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин чыгарабыз. Бул иштер унаа тыгынын 20–30% азайтууга жардам берет.

1678871490

Бишкек мэриясы шаардын түштүк-батыш тарабында жол инфраструктурасын кеңейтүү боюнча кандай пландарды ишке ашырмакчы?

— Биз алдыда Садырбаев көчөсүн Лев Толстой көчөсүндөгү темир жолдун асты менен Москва көчөсүнө чыгарууну пландоодобуз. Ал жерде чоң жол түйүнү курулат. Ага чейин Бишкек шаарындагы алгачкы жол түйүнү Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине салынганы жатат. Бул да шаардын Башкы планына киргизилген. Акча каражаты быйыл бөлүнүп, долбоор ишке ашырылганы турат. Бул унаа кыймылынын жүктөмүн кыйла азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт.