Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде өткөн жыйында Жогорку, орто кесиптик жана дипломдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова билдирди.
Анын айтымында, 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 6-июлда башталат.
"9-класстын бүтүрүүчүлөрү кабыл алууга негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк менен катышкандыктан, алардын кабыл алуу өнөктүгү 6-июлдан башталат. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу 11-июлда старт алат", — деди ал.
Исираилованын маалыматына ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллы өткөн жылдагы деңгээлде сакталат.
"Гранттык орундарга тапшыруу үчүн негизги тест боюнча босого балл 110, кошумча предметтик тест боюнча босого көрсөткүч – 60 балл. Жылдагыдай эле педагогикалык жана медициналык адистиктер үчүн жогорулатылган талаптар сакталууда. Педагогикалык багыттар боюнча гранттык орундарга тапшырууда негизги тесттен кеминде 130 балл, контракттык негизде 115 балл, ал эми предметтик тесттен 60 балл алуу зарыл. Медициналык адистиктер үчүн гранттык негизде босого балл 120, контракттык негизде 110 болуп белгиленди. Химия, биология жана физика боюнча предметтик тесттен кеминде 60 балл талап кылынат. Ал эми майыптыгы бар жарандар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн негизги тест боюнча босого балл 90 болуп аныкталды", — деди башкармалыктын башчысы.
Анын белгилешинче, учурда кабыл алуу өнөктүгүн уюштуруу боюнча бардык даярдык иштери аяктап, система жаңы окуу жылына толук даяр.