Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Жогорку жана Конституциялык сотторго жаңы судьялар шайланды.
Парламенттен билдиришкендей, Элмира Барыктабасова Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна, ал эми Бакыт Кыдыралиева Конституциялык соттун судьясынын кызмат ордуна талапкер катары сунушталган.
Талапкерлер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев маалымат берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар талапкерлерди колдоп, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды. Андан соң жаңы шайланган судьялар ант беришти.