Жогорку Кеңештин төрагасы Монголиянын президенти менен жолукту

Жогорку Кеңеш 4006 21 Июль 2025 15:43
518425980_1058423169804238_6382413261388160042_n.jpg
519797914_1058423453137543_8244151093084845201_n.jpg
523420168_1058423263137562_6779617462102815167_n.jpg
518346778_1058423256470896_5365669062223574823_n.jpg
518392391_1058423369804218_384653540247686603_n.jpg
518393375_1058423479804207_1286906185031093174_n.jpg
518402062_1058423179804237_3466007128175919094_n.jpg
518410279_1058423366470885_2810521638378245339_n.jpg
518411269_1058423259804229_1816139727579716373_n.jpg
518414167_1058423356470886_1377280662214316398_n.jpg
Алдыга
Артка
518425980_1058423169804238_6382413261388160042_n.jpg
519797914_1058423453137543_8244151093084845201_n.jpg
523420168_1058423263137562_6779617462102815167_n.jpg
518346778_1058423256470896_5365669062223574823_n.jpg
518392391_1058423369804218_384653540247686603_n.jpg
518393375_1058423479804207_1286906185031093174_n.jpg
518402062_1058423179804237_3466007128175919094_n.jpg
518410279_1058423366470885_2810521638378245339_n.jpg
518411269_1058423259804229_1816139727579716373_n.jpg
518414167_1058423356470886_1377280662214316398_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек 21.07.25 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖКМлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ухнаагийн Хурэлсухтун бул мамлекеттик сапары калыптанган кыргыз-монгол мамилелерин кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенерин билдирди.

"Тарыхый байланышы терең, көчмөн маданияттын мураскери аталган эки элди көп нерсе жакындатып турат. Андыктан, жалпы баалуулуктарыбызга таянуу менен заманбап шартта кызматташтыкты калыптандыруу, анын ичинен саясий диалогду тереңдетүү учур талабы. Кыргызстан Монголия менен бардык тармактар боюнча биргелешип иш алып барууга кызыкдар", - деди ал.

Ошондой эле парламенттер аралык дипломатия кыргыз-монгол кызматташтыгынын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу өткөн жылы Монголияга жасаган расмий сапары ийгиликтүү болгонун эске салды.

Муну менен катар Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасынын Кыргызстандагы расмий сапары аталган багыттагы кызматташтыкка олуттуу салым кошконун белгиледи.

"Эки тараптуу сапарлардын жүрүшүндө Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлуп, мыйзам чыгаруучу органдардын ортосунда системалуу, туруктуу жана жемиштүү ишти камсыз кылуу максатында түзүлгөн биргелешкен комиссиянын ишинин жобосу бекитилди. Бул саамалык эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин", - деп кошумчалады Нурланбек Тургунбек уулу.

Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү алакаларга да токтолгон төрага Бишкек шаарында монгол элинин чыгаан уулу Сухэ-Батордун ысымы ыйгарылган көчө бар экенин айтып, Монголиянын борбор калаасындагы көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын ыйгаруу менен эстелигин орнотуу сунушун берди.

Андан тышкары, Нурланбек Тургунбек уулу экология жана климаттын өзгөрүшүн жөнгө салуу жаатында Монголиянын демилгелерин колдой тургандыгын айтты.

"Кыргызстан да четте калбай, экологиялык көйгөйлөрдү активдүү жайылтууда. Ушуга байланыштуу, биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана жаратылышты коргоо боюнча демилгелерди биргелешип ишке ашыруу экологиялык көйгөйлөрдүн натыйжалуу чечилишине өбөлгө түзөт. Андыктан аталган багытта да алгылыктуу иштерди алып баруубуз кажет", - деди.

Өз кезегинде Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух улуу тарыхтын жана маданияттын ордосу саналган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, Жогорку Кеңештин өтрагасы менен да жолугушуп жатканына кубанганын белгилеп: "Биз Кыргыз мамлекети менен достук мамилелерди чыңдап, өз ара байланышты өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдарбыз. Айрыкча саясий диалогду активдештирүү менен мыйзам чыгаруу жаатында да кызматташуу артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Андыктан, парламенттер аралык байланышты тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да өнүктүрүүбүз керек", - деди.

Ошону менен катар мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген келишимдер тууралуу сөз кылып, алардын ийгиликтүү ишке ашуусуна эки өлкөнүн парламенттери толук көмөк көрсөтөрүнө ишенерин билдирди.

"Биз бүгүн соода байланышын жакшыртуу, Монголияда кыргыз мектебин ачуу, жалпы эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү тармактарында биргелешип иш алып баруу боюнча макулдаштык. Алардын ийгиликтүү ишке ашуусу мамлекеттерибиз үчүн өтө маанилүү", - деген Ухнаагийн Хурэлсух Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун Монголияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.