Жогорку Кеңештин жыйыны мурунку Өкмөт үйүндө өтүүдө

Жогорку Кеңеш Загрузка... 14 Май 2025 11:38
WhatsApp Image 2025-05-14 at 08.33.50.jpeg

Бишкек,14.05.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйындары мурунку Өкмөт үйүнүн имаратында өтүүдө.

Жогорку Кеңеш 2010-жылга чейин мурунку Өкмөт үйүндө жайгашып, парламенттин жыйындары уюштурулуп келген.

Жогорку Кеңештин маалыматы боюнча, азыркы парламенттин жыйындар залында оңдоп-түзөө иштери башталды. Эми зал заманбап техникалар менен жабдылат. Жаңылоо иштери 1-сентябрга чейин аяктайт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу белгилегендей, VII чакырылыштын депутаттарына да тарыхый имаратта жыйын өткөрүү мүмкүнчүлүгү буйруду. Эми май-июнь айларындагы парламенттин жалпы жыйындары Өкмөт үйүндө убактылуу өткөрүлүп турат.