Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт

Жогорку Кеңеш 11 декабрь 2025 21:41
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт.

Белгилей кетсек, саналуу күн мурун Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча токтом кабыл алган.

Ага ылайык, 30 көп мандаттуу шайлоо округунда шайлоо өттү деп таанылган. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча 29 округда Жогорку Кеңештин депутаттыгына 87 талапкер шайланган.