Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары 5 депутаттык топко биригишти

Жогорку Кеңеш 17 декабрь 2025 14:20
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары 5 депутаттык топко биригишти

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары 5 депутаттык топко биригишти.

Алар:

  1. "Мекенчил" тобу
  2. "Элдик" тобу
  3. "Ала-Тоо" тобу
  4. "Адилет Кыргызстан" тобу
  5. "Ата-Журт" тобу.

Мында эл өкүлдөрү Элвира Сурабалдиева, Эрулан Көкүлов жана Болот Ибрагимов эч бир топко кирбегендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, 5 топтун депутаттары лидерлерин шайлоо менен бирге, спикерди шайлоодо добуштарды эсептеп туруучу депутаттык комиссиянын мүчөсүн тандашты.